Биз жөнүндө

Мектептин тарыхы

Майлуу-Суу шаарындагы  №5 жалпы билим берүү  орто мектебинин тарыхы

       №5 жалпы билим берүү орто мектеби 1974-жылы 1-сентябрынан баштап ишке берилген. Мектеп 10 жылдык 968 орундуу.  Алгачкы жылдары жалан гана орус тилдүү мектеп болгон. Мектепте  30 кабинет , эмгек сабактары үчүн окуучуларга ашкана, тигүүчү машиналар менен жабдылган эмгек кабинети, химия,биология,физика предметтери үчүн  лабороториялык кабинети, медайым кабинети, спорт  залы, спорт аянтчасы , кино залы жана китепкана окуу залы менен бар. Ошол учурда 56 мугалим эмгектенген. Мектеп ачылган жылы А.И.Нехода деген таланттуу , кесибин мыкты билген жетекчи болгон . Ал эми 1991- жылдан баштап , мектеп акырындык менен кыргыз тилдүү мектепке өтө баштаган. Окуу эки тилде болгондугуна байланыштуу,  мектеп жетекчиси  Л.П.Тирон иш жүргүзүп жетектеп келген. Ошол учурдан тарта эле окуучулар коомдук иштерге жана предметтик олимпиадаларга активдүүлүгүн көрсөтүшүп, алдынкы орундарды багындырып келишкен. Ошол учурда окуучулар алтын медалга бүтүрүшкөн . Областык олимпиадада спорт  оюндары алдынкы орундарды ээлешкен. Ошондой эле республикалык кабинет конкурсунда география кабинети биринчи орунга ээ болгон.

          1997 –жылдан баштап  мектеп толук кыргыз тилдүү мектепке өткөн.  Мектеп жетекчиси болуп   Г.А. Карошова дайындалган. Окуучулардын көп болгондугуна байланыштуу сабактар  үч сменада жүргүзүлгөн, анткени окуучунун саны 1200гө жеткен.  Кыргыз тилдүү мектептердин ичинен алдынкы мектептердин  катарын толуктаган.                                                                                                                                                  

     2010-2013-жылга чейин  О.К.Ысмайылова мектепти жетектеген. Көптөгөн ийгиликтерге жетишкен.

    “Тарбия берүү- улуу иш , ошол аркылуу гана адамдын келечек тагдыры чечилет”- деп орустун улуу сынчысы В.Г.Белинский таамай айткан. №5 жалпы билим берүү орто мектебине жаш муундарды тарбиялоодо зор эмгек синирген Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы төш белгисинин ээси”  Б.М.Бекназарова 2013-жылдан 2020-жылга чейин мектеп директору болуп дайындалып, үзүрлүү эмгектенип, дассыккан , өз кесибине жоопкерчиликтүү мугалимдерди тарбиялап, окуу процессинде көптөгөн ийгиликтерге жеткирип келген. Залкар акыныбыз Аалы Токомбаевдин “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген учкул сөзү ушундай мектеп үчүн салымын кошкон инсандарыбызга айтылгандай сезилет.  Мектепте ардагер мугалимдер жана            “Эл агартуунун төш белгилеринин ээси”  азыркы учурда да иштеп келе жатышат.   Алар:    Графова Анна Федоровна, Төлөнова Анипа Айтматовна, Кадыралиева Зарапат Ирисмаматовна , Кенжеева Роза Саматовна, Ысмайылова Орозгүл Кимсановна,  Сооронбаева Шарапат Кошоевна, Бекназарова Бурайма Маматкаримовна.

    2020-жылдан баштап Билим берүүнүн ардак грамотасынын ээси болгон , ушул мектептен билим-тарбия алып  бүтүргөн,  азыркы учурда  мектептин директору болуп үзүрлүү  эмгектенип келе жаткан   Белекова Жыпаргул Мамасалиевна  өрнөктүү, ары түйшүктүү иште улуу көчтүн жолун  улап , мектептин наамын түшүрбөй  эмгектенип келүүдө.  Жыпаргул Мамасалиевна  жана анын жамааты инновациялык ыкманы колдонуу менен окуучулардын билим сапатын жогорулатып, сабакка болгон кызыгуусун арттыруу  менен  иштешип келишет. Мектепте азыркы кезде 742 окуучу окуйт. Эки сменде окушат.  Жыл сайын мектеп окуучулары предметтик олимпиадаларга катышып, шаардык олимпиадалардан 1-2-3- орундарды алып келишет. Областык алипиадада биология, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты сабактарынан байгелүү орундарга жетишкен. Ал жаш болсо да окутуунун жаны технологияларын мектептин талабына ылайыктуу иш жүргүзүп келүүдө.

     Келечекте дагы коюлган максаттардын үстүнөн иштөөгө жаш педагогикалык кадырларды толуктап, жаш муундарыбыздын келечек үчүн өлкөбүзгө салымын кошо турган  окуучуларды өстүрүп , уядан учурууга мугалимдер жамааты дайым даяр!

 

Эмблема

Биз жөнүндө

 

 

Майлуу-Суу шаарынын №5 жалпы билим берүү орто мектебинин усулдук темасы:

» Окуу-тарбия процессинде ар тараптуу компетенттүүлүгүн өнүктүрүү менен бирге туруктуу өнүгүүнүн негиздерин окуучулардын аң-сезимине калыптандыруу.»

 

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета